Ош шаарына БУУнун баш катчысы келди

12 июнь 2017 09:00 411 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бириккен улуттар уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш кечээ, 11-июнда, Ош шаарына келди.
Ош шаарынын эл аралык аэропортунда БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешти премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.


Антониу Гутеррештин Ош шаарына болгон сапарынын алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен эки тараптуу жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар болду.
Ошондой эле Өкмөт башчы менен БУУнун баш катчысы 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуяларына арналган “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшту.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2450



Добавить комментарий