Автоунаанын турбинасын уурдап кетишти
Биринчи май райондук №8чи шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаарынын тургуну Биринчи май райондук №8чи шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган, себеби 2017- жылдын май айында Бишкек шаарынын Илменский көчөсүндө жайгашкан Японцентр автоунаа оңдоочу жайдан белгисиз адамдар “Субару Форестер” үлгүсүндөгү автоунаасынын турбинасын уурдап кетишип, келтирилген чыгым 16000 сомду түзгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнын № 8 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 20 жаштагы Ж. К. аттуу тургуну кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2435
Добавить комментарий ×