Жайыл районунун инспектору 60 миң сом пара алып кармалды
ОсОО “А”нын жетекчисинин берген арызы боюнча Жайыл району боюнча башкармалыгынын салык текшерүү бөлүмүнүнүн улук инспектору аудитордук отчет боюнча оң чечим кабыл алып берем деп 2 миң АКШ доллар пара талап кылгандыгы үчүн башкы прокуратура тарабынан “ири өлчөмдө пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
9-июнда прокуратура жана Финансы полициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен, Кара-Балта шаарында 60мин сом пара алгандан кийин мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын салык текшерүү бөлүмүнүнүн улук инспектору кармалды.
Ссылка: https://barometr.kg/content2428
Добавить комментарий ×