Балыкчы – Корумду жолу 15-июнга чейин толугу менен бүтөт
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жол таманындагы баардык түтүктөр орнотулуп бүткөнүн, эми 15-июнга чейин толугу менен асфальттала турганын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы кабарлады.
«Жалпы узундугу 104 чакырым Балыкчы – Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Мурда 1 млрд 550 млн сомдук жумуш аткарылган, ушул жылы бюджеттен дагы 1 млрд сом каралып, азыр 400 млн сомдук жумуш жасалды. Подрядчик асфальттын экинчи катмарын төшөөгө тапшырык алды», - дейт ал.
Андан тышкары, Балыкчы – Корумду жолунун курулушундагы жумушту каржы маселеси гана кысып турганы, подрядчиктердин өздүк жүгүртүү каражаты жок экени, кошумча каражат булагы табылар замат тастыктамалар берилип жатканы белгилүү болду.
Ссылка: https://barometr.kg/content2419
Добавить комментарий ×