Жээнбеков университете болгон окуяны иликтөөнү тапшырды

9 июнь 2017 16:57 519 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинде (БАУ) болгон окуяны иликтөө максатында, бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
 
Премьер-министр конфликтин катышуучуларына мыйзам чегинде баа берилиши керектигин баса белгиледи.
 
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага БАУ жетекчилиги менен биргеликте мындай окуяларды кайталабоонун үстүнөн иш алып барууну тапшырды. Ички иштер министри Улан Исраиловго коомдук тартипти сактоо жана мындай мыйзам бузууларга жол бербөөнүн, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун алдын алуу жана Нарын шаарындагы БАУ болгону окуяны жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.
 
Эскерте кетсек, 27-майда БАУда баскетбол боюнча өткөн мелдеште ортодогу пикир келишпестиктен улам Нарындын жаштары менен аталган университеттин студенттери ортосунда чыр чыккан.
ИИМ бул окуяга байланыштуу «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирди.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content2417



Добавить комментарий