Күйдүргү оорусу таркап кетпеши үчүн ӨКМ эскертме берди

9 июнь 2017 16:24 574 Barometr
Бөлүшүү:
ok

7-июнь күнү Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Бүркүт тилкесинде Авлетим дарыясынын суунун деңгээли көтөрүлүп жээкти жеп, жээкке жакын жайгашкан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерге жетип калган (катталганы 1984-жылы 27-июну экспертиза №272, паспорт №55, бетондолгон жер 50м2). Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерди коргоо үчүн, жээк бекемдөө иштерин 2017-жылдын 10-июнуна чейин тез арада аткарууга алуу жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын –Жарындык коргонуу башчысына жана Жалал-Абад облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысына №01-15/28-э атайын эскертме менен милдеттендирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content2415



Добавить комментарий