Коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Бөлүшүү:
Нарын шаарында жаштар арасында болгон окуя ички иштер бөлүмүнө ээнбаштык катары катталды. Коомчулукта талкууга тушкөн бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. ИИОнун кызматкерлеринин аракеттерине баа берүү максатында ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык изилдөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content2413
Добавить комментарий ×