Президент ШКУнун мүчө мамлекет башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйынына катышты

9 июнь 2017 14:19 461 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июнда  Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган  жумушчу   сапарынын алкагында  Шанхай кызматташтык  уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги тар чөйрөдөгү жыйынына  катышты. .  Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.             
 
Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев  ШКУ  мүчө мамлекет башчыларын тосуп алды, протоколдук сүрөткө  түшкөндөн кийин жыйындын катышуучулары тар чөйрөдө жолугушту.
Андан соң жыйын кеңири курамда улантылат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content2408



Добавить комментарий