Аба ырайы: 9-июндан 11-июнга чейинки аба ырайы
Бүгүн, 9-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Бишкек шаарында 9-июнда жана 10-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-июнда күндүз жана 11-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-11-июнда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +30...+32 градус ысык болот.
Ал эми 10-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 10-июнда күндүз жана 11-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт
Ссылка: https://barometr.kg/content2404
Добавить комментарий ×