Аламүдүн районунун көлдөрүнөн сөөктөр табылды
Бөлүшүү:
Аламүдүн районунун Озерный айылында 2015-жылдын 10-июнунда дайынсыз жоголгон 1979-жылы туулган А. Т., издөө иштерине КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышкан. Ошол эле күнү куткаруучулар тарабынан көлдөрдүн биринде адамдыкы же малдыкы экендиги белгисиз сөөктөр табылып, милиция кызматкерлерине экспертиза үчүн өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ссылка: https://barometr.kg/content2394
Добавить комментарий ×