«Боинг-747» учагынын кыйрашынан каза болгондордун жакындары Түркияга эс алууга кетишти
Бүгүн, 8-июнда, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Дача-Су айылындагы «Боинг-747» учагынын кыйрашынан каза болгондордун туугандары Түркиянын Анталья шаарына эс алууга кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Бул биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Өкмөттүк комиссиянын түрк тарап менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы. Эс алууга кеткен бардык 39 жарандын чыгымдарын Түркия тарап өзүнө алды.
Каза болгондордун туугандары менен болгон жолугушууда Мухамметкалый Абулгазиев Өкмөттүк комиссия Түркия менен, анын ичинен «ACT Airlines» жана камсыздандыруу компаниялары менен каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга компенсация төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.
«Түркия менен сүйлөшүүдө каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды реабилитациялык этаптан өткөрүүдө балдар үчүн эс алуу уюштуруу боюнча да шарттар коюлган. Өкмөттүк комиссиянын иши аягына чыгар алдында турат. Компенсациялар төлөнүп берилгенден кийинТүркия менен биргеликте, берилген компенсациялар жана жарандардан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралуу кеңири отчет берилет», – деди биринчи вице-премьер-министр.
Биринчи вице-премьер-министр бул жолку эс алуу болуп өткөн окуядан кийин стресстен арылып, жеңилдөөгө жардам берерине ишеним артарын билдирди.
Бир жумалык эс алууда маданий программалар, реабилитациялык бөлүк жана муктаж болгондорго психологиялык жардамдар каралган. Бул аралыкта Туркияга кеткен каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды эки медицина кызматкери, бир психолог жана жооптуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери коштоп жүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content2363
Добавить комментарий ×