Депутат: Ушу тапта баш-аягы 150 миӊ гектар жайыттан айрылып калдык
Өлкөнүн жайыттарын бадал басып, бузула баштады. Ушу тапта баш-аягы 150 миӊ гектар жайыттан айрылып калдык. Бул үчүн ким жооп берүүгө тийиш? Жайыттарды бадалдан тазалоого бюджетте канча каражат каралган? Депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеш жыйынында ушундай собол салды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы кабарлады.
«Ошол эле Чаткал жергесиндеги малчылар жайлоого чыгалбай калыптыр. Көрсө, совет мезгилинде жайлоого ашып жүргөн бел азыр Өзбекстандын аймагына тийиштүү болуп калды. Өзбек тарап Түз ашуудан ары карай бир жолу, бери карай бир жолу гана өтүүгө уруксат бергендиктер, малчылар кыйналып жатат. Өкмөт тезинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул көйгөйдү чечиши керек», - дейт депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2358
Добавить комментарий ×