Эрдиги эске алынып, ардагерлер сыйланды

8 июнь 2017 13:38 551 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2000-жылдын сентябрь айында Чаткал районунун аймагына Өзбекстан республикасынан куралдуу кылмыштуу топ өткөндүгү аныкталып, ага Чаткал РИИБ, Жалал-Абад ОИИБ жана ИИМдин атайын багыттагы кызматкерлери тартылып, кылмыштуу топту жок кылуу операциясы жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын кабарчысы  М.Турдубеков кабарлады.

Операциянын жүрүшүндө дээрлик баардыгы, атап айтканда 7 адамдан турган куралдуу атайын даярдалган эл аралык кылмыштуу топ жок кылынган. Ал эми ИИМдин 2 кызматкери ошол Чаткал окуясында каза болгон.
Ички иштер министринин үстүбүздөгү жылдын 12-апрелиндеги №314 буйругу менен ошол убакта Чаткал РИИБде кызмат өтөп, азыркы учурда ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлердин эмгеги эске алынып, 10 ардагер ИИМдин медалдары жана ардак грамота менен сыйланышты.
Жалал-Абад ОИИБнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков атайын Чаткал районуна барып, өздүк курам астында жана ардагерлердин катышуусунда жогорудагы аталган сыйлыктарды салтанаттуу тапшырды.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content2356



Добавить комментарий