41 жаштагы аялды зордуктап, чачын кыркып кетишти
Майлуу-Суу шаарында 3 адам ур-токмокко алуу менен зордуктап, чачын кырып салышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 18-майда жабырлануучу Майлуу-Суу шаарынан Жалал-Абад шаарына баруу үчүн жол тосуп чыккан. Ичинде 3 адам бар жеңил унаа ага токтоп, Кочкор-Ата шаарына чейин алып кетүүнү убадалашкан. Бирок, жолдо бара жатканда унаанын ичиндеги 3 эркек киши жүргүнчү аялды белгисиз себептен сабап, Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, күч колдонуу менен аны үчөөлөп зордукташкан. Андан соң аялдын чачын кырып салышкан. Алар жабырлануучу аялды 18-майдан 25-майга чейин камап коюшкан. Жабырлануучу 25-май күнү качып чыгып, арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Денесинен жаракат алган аял Майлуу-Суу шаардык бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча Майлуу-Суу ШИИБнин кызматкерлеи тарабынан кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 22 жаштагы Көк-Таш айылынын тургуну жана 36 жаштагы Бүргөндү айылынын тургуну кармалган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, алардын үстүнөн Кылмыш жаза кодексинин 125-129-беренелеринин 2-бөлүмү менен козголгон. Азыркы мезгилде иктөө иштери жүрүп жатат
Ссылка: https://barometr.kg/content2348
Добавить комментарий ×