Туура эмес жерге токтотулган унаалар эвакуацияланып, айып пулу азыркыдан да өсөт
Жакын арада туура эмес жерге токтотулган унаалар эвакуациялана баштайт. Тийиштүү мыйзамдын негизинде токтомду өкмөт кабыл алды. Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын патрулдук милиция ишмердигин координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги Нур Сатыбалдиев менен журналист Кабыл Макешев маектешкен. Бул тууралуу ИИМдин расмий сайтында жарыяланды.
Аталган маалыматка таянсак унааларды эвакуациялоо боюнча мыйзамга былтыр апрель айында эле президент тарабынан кол коюлган.
“Шаардын айрым көчөлөрү тардыгынан улам жол эрежелери одоно бузулуп жаткандыктан унааларды эвакуациялоо боюнча мыйзамга былтыр апрель айында эле Өлкө башчысы тарабынан кол коюлган. Ал эми Өкмөт аны бир жылдан кийин мыйзам алдындагы актылар иштелип чыккан соң кабыл алып, аны аткаруунун тиешелүү документтери, эрежелери ИИМдин жетекчилигинин буйругу менен бекитилди. Биздин кызматкерлер кантип иш алып баруу керектигин иликтеп нускаманы иштеп чыктык. Эми ошол документтердин тууралыгын ИИМдин юристтери карап, текшерип чыгышы керек. Андан тышкары методикалык көрсөтмө да иштеп чыгып, монополияга каршы саясат боюнча агенттикке берилди. Эми бул мыйзамды аткаруунун техникалык иштери жана жол-жобоолору гана калды”,-деди ал өз сөзүндө.
Ал эми эвакуацияны ишке ашырган компанияларга эреже бузган айдоочулар канча акча төлөөрү туурасында “Бул жерге токтотууга болбойт»-деген жол белгилери турса, так ошол жерге автоунаасын токтотуп эрежени бузган жеке айдоочуга 1000 сом айып салынып, мамлекетке төлөөрү мыйзамда бекитилип, кодексте көрсөтүлгөн. Башка мамлекеттерде бул мыйзам эбак кабыл алынып иштеп жатат. Бизде гана ишке аша элек эле, эми гана мыйзамдаштырдык. Эвакуацияны ишке ашырган компанияларга эреже бузган айдоочулар канча акча төлөй турганы азырынча белгисиз. Анткен менен алдын ала эсептөөлөр бар. Эвакуацияланган жеңил унаа үчүн айдоочу бул иш-аракеттерди аткарган компанияларга өзүнчө акы төлөйт. Алгачкы 3 саатка чейинки кайтарууга акы алынбайт. Анан саатына жараша кайтарып туруу акысы төлөнөт. Муну дагы монополияга каршы агенттик карап, тактап жатат. Ал эми автоунааларды жүктөп, алып барганы үчүн компанияга айдоочу жеңил автоунаа үчүн 600-700 сом, жол тандабас — 2500 сом, жүк ташуучу унаага — 3,5 миңден 5 миң сомго чейин төлөнөт. Алдын ала эсептөөлөр айыл чарба техникалары үчүн дагы каралган — айып пул 10 миң сомго чейин чапчышы ыктымал. Жарандын унаасын жабыркатпаш үчүн болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Эвакуация учурунда унаа жабыркап калса, чыгымдарды фирма төлөп берет. Атаандаштык жаратуу үчүн 3-4 компания менен келишим түзүү пландалып жатат. Алгач шаарда 16 эвакуатор пайда болот. Унааларды эвакуациялоо июнь айында тесттик режимде башталат. Ага чейин жеке компаниялар менен тийиштүү келишимдерге кол коюлат”,-деди Сатыбалдиев.
Ссылка: https://barometr.kg/content2347
Добавить комментарий ×