“WhatsApp”та эки жаңы пайдалуу функция пайда болду
“WhatsApp” мессенджеринде сүрөттөрдү филтирлөөчү редактор жана альбомдордун тобу пайда болду деп жазат “hitech.vesti.ru» порталы.
Аталган функция колдонмонун iOS-версиясында гана колдонууга мүмкүн болот. "WhatsApp” та “Instagram” сыяктуу ондон ашуун филтр каралган эмес, алар бешөө гана. Анын жардамы менен сурөтүңүздү дагы да даана чыгуусун жана жакшы жарыктандыра аласыз.
Мындан сырткары, чаттарга төрт жана андан ашык сүрөттөрдү жиберерде алар бир топдогу альбомго автоматтык түрдө айланат. Аны менен сүрөттөрдү көрүү дагы да жеңилдейт.
“TechCrunch” басылмасынын маалыматы боюнча, “Facebook” мессенджеринин тузүүчүлөрү “Android”-нускасы тууралуу суроолорго жооп берип жатышып, жогорудагы функцияларды өзүлөрүнө да ишке ашыруу жана каалоосун ырасташты. Бирок, ишке ашыруу мөөнөтү али такталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content2345
Добавить комментарий ×