Аксыда 5 үй-бүлө селдин курчоосунда калды

8 июнь 2017 09:32 490 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аксыда сел сууларынын курчоосунда калган 5 үй-бүлө  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Авлетим айыл аймагында 2017-жылдын 6-июнь күнү жааган жамгырдын кесепетинен Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сел сайынан келген сел суулары өз нугу менен акпастан, Авлетим-Товар-Сай ички чарбалык унаа жолу менен агып, жол боюнда жайгашкан турак жайларды жана ички чарбалык унаа жолду каптаган.

Сел сууларынын курчоосунда калган 5 турак жайдын жашоочуларын ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Абдышарип Бекилов баштаган ыкчам топ  коопсуз жайга алып чыгышты. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. 

Айылдагы кырдаалды жөнгө салуу жана калыбына келтирүү максатында Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы,  ӨКМнин Мониторинг департаментинин башкы адиси,  облустук ыкчам топ жана КР ӨКМнен 1 ХОВО, 1 жүктөгүч, 1 эксковатор  тартылды.

Тийиштүү техникалардын жардамында сел сууларды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жумуш 7-июнь күнү улантылат. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2340



Добавить комментарий