Кыргызстанга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш келет

7 июнь 2017 13:23 425 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-июнда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутеррешти чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар департаментинин коопсуздук директору  Сеит Убукеев  билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Гутерреш Кыргызстанга  2007-2010-жылдары  БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссары болуп турган маалда келген.

"Эки тараптуу жолугушуулардын күн тартибинде - Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун мамилелерин туруктуу өнүктүрүү, кызматташуу жана коопсуздук, анын ичинде артыкчылыктарын боюнча суроолор каралат. Иш сапарда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты  андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө тууралуу сүйлөшүүлөр болот ", - деп билдирди Убукеев.

Ссылка: https://barometr.kg/content2300



Добавить комментарий