Аба ырайы: бүгүн айрым жерлерде жаан жаайт

7 июнь 2017 11:33 421 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 7-июнда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25;

Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23;

Бишкек шаарында 7-июнда үнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 8-9-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +23...+25 градус жылуу болот.

Ал эми 8-июнда жана 9-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 9-июнда күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/content2285



Добавить комментарий