Аксыдагы кырдаалды жоюуга 22 атайын техника тартылды
Бөлүшүү:
4-июнь күнү саат 18:50дөн баштап нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 5-июнь күнү Аксы районунун аймагындагы Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларынын деңгээлдери көтөрүлүп Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кырдаалды Өзгөчө кырдаалдар министри генарал-майор Кубатбек Боронов жеке өзүнүн көзөмөлүнө алып, жеринде атайын иш-чараларды уюштуруп, көзөмөлдөө жагын кароо ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдишарип Бекиловго милдеттендирди.
Аксы районундагы кырдаалды жоюу максатында министрдин тапшырмасы менен жеринде ӨКМнин ыкчам топ иш алып барууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content2280
Добавить комментарий ×