Абайлаңыз! Сокулук районунда үй тоноочулары кармалды

7 июнь 2017 10:23 583 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районунун Гавриловка айылынын тургунун тоноп кетишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарланды

Маалыматка ылайык, 19-апрелде Сокулук районунун укук коргоо органдарына 30 жаштагы Гавриловка айылынын тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар үйүнө кирип  10 000 сомдук «НТС» уюлдук телефонун, 1 400 АКШ долларындагы “SONY” видеокамерасын,  800 долларлык “ACER” ноутбугун, 8 000 сомдук алтын буюмдарын, 10 миң долларын уурдап качып кетишкенин айтып арыз берген.

Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 847 600 сом болгон.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө ишинин натыйжасында мурда бир нече ирээт КР Кылмыш кодексинин  164- беренеси (уурулук) боюнча соттолгон, Өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 37-абагында жаза мөонөтүн өтөбөй  качып жүргөн 25 жаштагы Казакстандын жараны, 22 жаштагы Казакстандын жараны жана 21 жаштагы Ысык-Көл областынын тургуну кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул үчөө Сокулук аймакгындагы жасалган дагы төрт окшош кылмыштарга тиешеси бар деп табылган.


Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/content2279



Добавить комментарий