Баткенде жергиликтүү тургун баңгизат менен кармалды

6 июнь 2017 16:52 420 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республиканын аймагында өткөрүлүп жаткан рейд учурунда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдын 2-июнь күнү саат болжол менен 13:00 чамасында Кадамжай районунун Халмион айылында жайгашкан "Баяман Баатыр" базарынын жанынан "Хюндай-Гетц" автоунаасында жүргүнчү катары бараткан Ирелеш айылынын 38 жаштагы Г.А. аттуу тургунунан 216 граммды түзгөн кара куурай (марихуана) алынган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорудагы факты боюнча Кадамжай РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 246- беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган кылмыш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content2260



Добавить комментарий