Артыкбаев:Сот өндүрүшү тараптардын бирдей укукта болушу менен жүргүзүлүүгө тийиш

6 июнь 2017 15:51 547 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 6-июнда парламенттин конституциялык мыйзам, мамлекеттин түзүлүш,  сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча  комитетинин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев  соттордун мыйзам боюнча ар кандай жоромолдоруна жол берилбей тургандыгын билдирди.

Ал адилеттүүлүк тажрыйбасы ар дайым теория менен шайкеш эмес экенин айтты.

"Азыркы учурда сот ишмердигин жөнгө салуу боюнча мыйзамдарга бир катар оңдоо киргизүү, негизинен КРнын Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясын түзүү жөнүндө маселе демилгеленип жатат",-деди Артыкбаев, жаңы инструменттер сот иштеринин сапатын жакшыртат го деген ниеттин билдирүү менен.

Ссылка: https://barometr.kg/content2252



Добавить комментарий