Бай-манапча.Курулуш курулуп жаткан жерге барган Ош шаарынын мэринин алдына килем төшөштү
Бөлүшүү:
Бүгүн, 6-июнда социалдык тармактарда колдонуучулар Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин сүрөтүн жарыялашкан.
Сүрөттө мэр муниципалитеттин курдуруп жаткан объектеринин бирине барган учурда анын алдында төшөлгөн жаңы килемди көрүүгө болот. Ооба, килемди курулуш жеринде төшөп коюшкан!
Колдонуучулар бул көрүнүштү ак сөөктөрдөн калган салт деп сындап, нааразылыктарын билдиришүүдө.
Өз кезегинде Кадырбаевдин өзү “Barometr.kg” сайтынын кабарчысына жогорудагы көрүнүштү бош эместигине байланыштуу жооп бере албастыгы менен түшүндүрдү.
"Мен жыйындамын жана берилген суроо боюнча жооп берүү үчүн бошой албайм. Кийин кабарлашыңыз”,- деди Ош шаарынын мэри.
Ссылка: https://barometr.kg/content2246
Добавить комментарий ×