Уурулукка шектелген жаран кармалды

6 июнь 2017 13:33 360 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын тургуну Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган, себеби 16- май күнү  Үмүт аттуу жаран, арыз ээсинин үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жатып, жалпысынан 60 000 сом турган 4 даана бөлмө бөлүүчү эшиктерин жашыруун түрдө уурдап кеткен. Ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде, Ленин РИИБнын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Бишкек шаарынын тургуну, 27 жаштагы Т.Р. кармалган.


Жогорудагы окуя боюнча Кылмыш жаза кодексиинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошондой эле иликтөө убагында кармалган жаран “Подсобник” катары жумушка киргени аныкталып, Бишкек шаарынын базарлардын биринен далил катары 2 катылган эшик табылып, ээсине кайтарылып берилген. Азыркы учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын №1- тергөө абагына камалган.

Ссылка: https://barometr.kg/content2244



Добавить комментарий