Россияда ишкананын директору Кыргызстандын жаранын атып салды
Россиянын Челябинск областындагы Магнитогорск шаарынын "КАУР" жабык акционердик коому ишканасынын директору Кыргызстандын жаранын мылтык менен атып салды. Жарадар болгон адам ооркунага жеткирилген. Бул тууралуу “Федерал Пресс” булагы кабарлады.
Маалыматтарга таянсак, кол салуу кечээ, 5-июнда саат эртең мененки 9.00дар чамасында болгон. Бизнесмен 30 жаштагы кыргызстандык менен уруша кетип, андан кийин мылтыгын алып чыгып, эки жолу атып салган. Жаракат алган адамдын санына жана таманына ок тийген.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ишкананын директорунан үч мергенчилик мылтыгын жана ок дарыларын табышкан. Аталган иш боюнча тергөө жүрүп жатат жана кылмыш ишин козгоо боюнча суроолор каралууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content2241
Добавить комментарий ×