Мэрия 13 жер тилкени муниципалитеттин карамагына өткөрдү

6 июнь 2017 12:12 541 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясы кабыл алган чечимдеринин негизинде 2005-жылы “Ак-Өргө” жаңы конушундагы Ахунбаев көчөсүнүн жол жээктринин жер тилкелери жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген.

Бишкек шаарынын мэриясы Ленин райондук администрациясынын мыйзамсыз берилген жер участкалары (Ахунбаев көчөсүн курууга арналган жерлер) менен байланышкан жогорудагы аталган токтомдун бир бөлүгү жокко чыгарган.

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун негизинде жерди пайдалануу жана курулуш муниципалитети Ленин райондук прокуратурасы менен бирдикте Ак-Өргө жаңы конушунан 0,78 га (13 жер тилкесин) жерди муниципалитеттин карамагына кайтаруу  иштери жүргүзүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content2238



Добавить комментарий