Бүгүн "Түндүк электр" Бишкек шаары боюнча 4746 абонентти карызы үчүн өчүрөт

6 июнь 2017 10:12 490 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 6-июнда “Түндүк электр” ачык акцинердик коому Бишкек шаарындагы   өз убагында  электр энергиясы үчүн болгон карызды төлөбөгөн 4746  абоненттин жарыгын өчүрөт. Алардын ичинде:

·         Октябрь району боюнча - 682,

·         Биринчи май району боюнча - 1 186,

·         Ленин району боюнча - 1 733,

·         Свердлов району боюнча-1 145 абонент бар.

Компаниянын  расмий сайтында маалымдалгандай,  «Мобильник», «QIWI» терминалдарында жана «Айыл Банк» кассаларында төлөнгөн төлөмдөр “Түндүк электрдин"  маалыматтык  базасында реалдуу режимде пайда болуп турат.
Эми электр энергиясы менен камсыздоо "акылдуу" эсептегичтерге туташкан керектөөчүлөр  өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн толук төлөнгөндөн кийин гана "Түндүк электрге" келип түшкөн белгиден соң кайрадан туташтырууга мүмкүн болот. Ошондой эле сервер автоматтык түрдө адамдын кийлигишүүсүз  жөн гана  колдонуучунун аппарат системасын берилген белги аркылуу байланыштырат.

Ссылка: https://barometr.kg/content2230



Добавить комментарий