Текебаевдин кичүү кызынын көз жашы
Массалык маалымат каражаттарында Биринчи май райондук сотунун залында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кичүү кызынын көз жашын аарчып жаткан видеосу жарыяланды.
Видеодо Текебаевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова кызды атасына чейин узатып келгенде куралданган кароолчулар эч кимди кармалгандарга жолотпой жатышканын көрүүгө болот. Текебаевдин кызы атасына жакындап келип темир тордун сыртынан бетинен өөп кайрадан залда отурган апасынын жанына кайрылып келгенин көрүнүп турат. Ал жерден кызы көзүнүн жашын аарчып жатканы байкалат.
Мындан сырткары башка дагы бир кичинекей баланын басылбай ыйлап темир тор артындагы атасына барууну каалаганы көрүнөт. Баланы токтотуга аракет кылышканына карабай ал атасына чуркап келип бетинен өөп алып жылмайган бойдон энесине кайрылып кетти..
Социалдык тармактарда бул видео кадрлар кызуу талкууларга ээ болууда.
Эскерте кетсек, кечээ 5-июнда Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана Өзгөчө кырдаалдар министиринин мурдагы жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновго карата ачык режимдеги сот ишинин алгачкы отуруму болуп өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/content2225
Добавить комментарий ×