Эс алуу жайларын Ысык-Көл облусунун “2GIS” картасы аркылуу табууга болот

6 июнь 2017 09:09 897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“2ГИС” картасынан Ысык-Көл облусунун Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарыларын табууга болот. Маалыматка ылайык карта Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосу менен түзүлгөн.

Ысык-Көл облусунун өкмөттүн  өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоевдин берген маалыматына ылайык, жаңы маалымдама жана картанын кеңейтилген үлгүсү  бул аймактарда эс алган туристтер менен жарандарга жардам берет. Мисалы,  "2ГИС” картасы аркылуу дүкөндөрдү, кафелерди, мейманканаларды, пансионаттарды жана башка  кооз жерлерди табууга болот.  

"2ГИС" Ысык-Көлдүн 139 калк отурукташкан аймактарын жана үч шаарын-Караколду, Балыкчыны жана Чолпон-Атаны бириктирип турат.

Ошондой эле, ооруканаларды, поликлиникалырды, балдар бакчаларын жана башка социалдык  объекттерди көрсөтөт.

Ысык-Көлдүн жээктери жана жакын калктуу аймактардагы  2372 уюмдар тууралуу маалымат камтылган. Алардын ичинен: 50 мейманкана жана курорттор, 115  кафе жана ресторандар, 128 кызыктуу жерлер жана эстеликтер : “Жомок” коньону,  Туздуу көлү, Тамга-Таш таштары кирген.

Ссылка: https://barometr.kg/content2223



Добавить комментарий