“Facebook”та жаңы вирус таралууда. "Аэрофлотун” акысыз билеттерине ишенбегиле!

6 июнь 2017 09:05 748 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Facebook” социалдык тармактарында жаңы вирус популярдуулукка ээ болуп  жатат  Чабуулчулар жасалма лотерея уюштуруп, байгеге учакка билетти ойнотушкан.

Колдонучулар “Аэрофлот” уюштуруп жаткан конкурска катышып жатабыз деп ойлошуп, сайттагы шилтемени жана “Thanks #aeroflot” хэштегин бөлүшүп жатышат. Вирус активдүү түрдө Кыргызстандагы интернет сегменттинде жайылып жүрөт.

 «Аэрофлоттун"  расмий  билдирүүсүндө" социалдык тармактарда желдей тез тарап жаткан акысыз билеттерди ойнотуу  жалган жана авиакомпания анын уюштуруусуна эч кандай катышы жок”,- деп  айтылат. Маалымат авиакомпаниянын сайттында жайгашкан.

Колдонучуулар шилтеме боюнча жүрүп отуруп фишинг сайттына туш болушат.

Фишинг – бул интернет-чабуулдарынын бир түрү. Анын максаты колдонучуулардын: логин, пароль, кредиттик картасынын номерине, электрондук почтасына жана башка өздүк баракчасына кирүүгө мүмкүнчүлүк  алышат.  

“Group-IB” компаниясынын жеке кардарлар менен иштөө директору Руслан Юсуфов «Фейсбуктагы» баракчасында: “Жалган сайттардагы кликтер компьютердин троян  вирусу менен булганышына алып келиши мүмкүн. Ал эми  аккаунт боюнча маалыматты  жарнамалык агенттиктерге сатылышы ыктымал”,-деп белгиледи. 

Ссылка: https://barometr.kg/content2222



Добавить комментарий