“MegaCom” боюнча аукцион кайрадан ишке ашкан жок

5 июнь 2017 18:11 558 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 "Альфа Телеком" жабык акционердик коому тагыраак айтканда  “MegaCom” боюнча  аукциондо 100 пайыз акцияларын сатуу кайрадан ишке ашкан жок.

Аукцион компаниянын акцияларын сатып алууга билдирме келбегендиктен  кийинкиге калтырылды. Ушул менен үчүнчү жолу компанияны аукциондо сата алышкан жок.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 6-марта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду үчүнчү жолу "Альфа Телекомдун" акциясын 13,5 млрд сомго саттыкка койгон.

 Аукцион (эгер билдирме түшсө) 2017-жылдын 5-июнунда саат 15.00дө өтмөрүлмөк.

Аукциондун талабы боюнча катышууну каалагандар 10 пайыз кепилдик төгүмдү төлөөгө тийиш, тактап айтканда  объектин баштапкы наркы 1 миллиард 350 миллион сомду түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content2212



Добавить комментарий