Текебаевдин жактоочу: “Мыйзам бузуулар көп болду. Бул айдан ачык саясат дегенди билдирет”

5 июнь 2017 15:32 730 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 5-июнда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата сот ишинде көптөгөн мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу “Barometr.kg”ге  кармалгандардын жактоочусу  Таалайгүл Токтакунова кабарлады.

"Биринчиден, ишти толук карап чыгууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Экинчиден, тергөө учурунда күбөлөрдүн өтүнчтөрүн билдирүүсүнө уруксат беришкен жок. Үчүнчүдөн, төгүнгө чыгаруучу күбөлөрдү суракка алышкан эмес.  Бул деген сөз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин тапшырмасын түздөн-түз аткарып жатат дегендикти билдирет,  бул менин ишин жактап жаткан  эки коргоочума карата  козголгон иш таза эле саясат экинин далилдеп турат”,- деп кошумчалады ал өз сөзундө.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 25-февралында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго карата “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/content2205



Добавить комментарий