Президент Эл аралык алтайчылар форумуна даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматты укту
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июнда өз кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, 2017-жылы 20 - 22-июлда Кыргызстанда өтө турган «Алтай цивилизациясы жана алтай тил үй-бүлөсүнүн тектеш элдери» Эл аралык форумуна даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматты укту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Мира Карыбаева Президентке Форумга катышуу үчүн бүгүнкү күнгө карата Европа жана Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Германиядан, Венгриядан, Индиядан, Россиядан, Өзбекстандан жана Чехиядан көрүнүктүү тарыхчы окумуштуулар, археологдор, антропологдор, лингвисттер катталганы тууралу айтып берди. Андан тышкары алдыдагы иш чараны даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызстан элинин "Мурас" тарыхый жана маданий фондусу биргеликте жасап жаткан иштерге токтолду.
Форум Евразиянын кеңири мейкиндиктерин байырдаган элдердин жалпы алтай тилдеринин, этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө багытталган илимий изилдөөлөрдүн, билим жана маданий долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулоо аянтчасы болуп калмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/content2193
Добавить комментарий ×