Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун экс-төрагасы Шералы Абдылдаевге издөө жарыялашты

5 июнь 2017 12:45 426 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку жетекчиси Шералы Абдылдаевдин үстүнөн коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абдылдаев "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башкалардын иши боюнча шектүү делип каралууда.

Абдылдаевге издөө жарыялашты. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнө  ылайык -  "коррупция" боюнча сырттан айып тагылууда.

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети анын кайда экенин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content2192



Добавить комментарий