Лондондогу террордук чабуул боюнча шектүү делген 12 адам кармалды
Бөлүшүү:
“Лондон полициясы террордук кол салууларга шектелген 12 адамды кармады”,- деп маалымдайт Lenta.ru сайты.
Алар шаардын чыгыш бөлүгүндөгү террорчулардын биринин батиринен табылган.
Эскерте кетсек, 3 - июнь күнү кечинде Лондон көпүрөсүндө бара жаткан адамдарды Боро базарына чейин ак түстөгү унаа сүзүп өтүп, базарга жеткен кезде тероорчу унаадан чыгып, жөө жүргөн адамдарды бычактаган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, бул террордук актыдан жети киши курман болуп, 48 адам жаракат алды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кол салган үч киши атып өлтүрүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content2182
Добавить комментарий ×