Жашыл төңкөрүш: Тургундар кантип дарактарды кыйдырбоого аракет кылышты?

3 июнь 2017 12:38 1148 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Биринчи май сотунун чечими менен Токтоналиев  көчөсүндөгү дарактарды кыюуну токтотууга аракет кылган жарандык активисттер эскертүү алышты. Кечээ активисттерди милиция жолду тоскондугу жана бийликке баш ийбегендиги үчүн кармап кетишкен.

Активисттер жолду бак-дарактарды кыюну токтоту максатында жабышкандыгын айтышып, коюлган күнөөлөр  жана соттун чечими менен макул эместигин билдиришти.

Эскерте кетсек, кэчээ Бишкек шаарынын мэриясынын уруксаты менен Токтоналиев көчөсүндөгү дарактарды кыюу иштери жүргүзүлгөн. Анын кесепетинен куштардын уюлары бузулуп, балапандар өлгөн. Муниципалитет бул иш-чаралар жолду 2 метрге кеңейтүү үчүн аргасыздан болуду деп билдиришти. Тургундар бул көрүнүштөргө нааразы.

Социалдык тармактардан бул маселе тууралуу колдонучулардын ой-пикирлери:

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2164



Добавить комментарий