Москвада милиционердин формасын кийген алдамчы кыргызстандыктарды алдоодо
Бөлүшүү:
Москвада шылуун "Кыргызстандын элчилигинин кызматкеримин",- деп таанышып, мигранттардан акча талап кылууда. Бул тууралуу Россиядагы кыргыз өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиев кабарлаган.
Анын айтымында, алдамчы шылуун кара тизмектен чыгарып жана башка көйгөйлөрдү чечип берем деп жарандарга кайрылат. Акчаны алган соң, качып кетет.
“Алдамчы адам мурун-кийин элчиликте иштеп же кызматташкан эмес”,-деп белгилейт Алиев өз сөзүндө. Ал алдамчынын курмандыгы болуп калган баардык жарандарды Россиядагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кайрылуусун жана 8926 890 87-00 номери боюнча маалымдап турууга чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/content2162
Добавить комментарий ×