ИИМдин Республикалык окуу борборлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыялайт

3 июнь 2017 10:30 580 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борбору бош кызмат орундарына сынак жарыялайт. Бул тууралуу маалымат Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун 2017-жылдын 25-майдагы «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун бош кызмат орундарына сынак жарыялоо жөнүндө» буйругуна ылайык, профессордук-окутуучу курамынын төмөндөгү бош кызмат орундарына сынак жарыялайт:

1 Административдик тармактар циклы:
- цикл башчысы-1
- ага окутуучу -1

2 Жалпы тармактар циклы:
- цикл башчысы-1
- ага окутуучу-1

Сынакка катышуучу талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун кадрлар бөлүмүндө 2017-жылдын 24-июнга чейин жүргүзүлөт.

Баардык маселелер боюнча: 39-89-64; 39-89-15 телефондору менен кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content2159



Добавить комментарий