Москвага сууга чөгүп кеткен кыргызстандыктын сөөгүн мекенине алып келишет

3 июнь 2017 10:16 513 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва дарыясында чөгүп кеткен кыргызстандыктын сөөгүн Кыргызстанга алып келишет. Бул тууралуу Россиядагы КРдин элчилигинен билдиришти.

Эскерте катсек 26 жаштагы Кыргызстандын жараны Москва дарыясынын Хорошево-Мневники районунан 24-май күнү сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар сөөктү төрт күн бою издөө салышкан. 31 май кунү аны Шелепихинский аймагынын №22 үйдүн жанынан табышкан.

Азыркы учурда элчилик маркумду мекенине жөнөтүү үчүн иштерин жүргүзүшүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content2158



Добавить комментарий