Араван районунун тургуну кара куурай өстүрүрүп жаткандыгы аныкталды

2 июнь 2017 15:36 763 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Араван районунун тургуну өзүнө тийешелүү үлүш жерге кара куурай өстүрүп жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Ички иштер министирлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ош областынын Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө Араван районунун 24 жаштагы тургуну К.Т. өзүнө тиешелүү үлүш жерине өстүрүүгө тыюу салынган кара куурай өстүрүп жаткандыгы аныкталды. Ош областтык ОИИБнын экспертик-криминалдык борборунун аныктамасына ылайык алынган зат кара-куурай (каннабис) баңгизаты болуп чыкты. Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандан 512 түп кара куурайдын салмагы 91 кг. 750 граммды түздү.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content2145



Добавить комментарий