ИИМдин 88 угуучусу окууну ийгиликтүү аякташты

2 июнь 2017 15:12 499 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кэчээ, 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер Академиясынын сырттан окуу факультетинин угуучуларынын бүтүрүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер Академиясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорку квалификациядагы билимге бир гана милиция кызматкерлери эмес республикабыздын башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери дагы ээ боло алышты.
95 угуучунун ичинен 88и ийгиликтүү аяктап, 7 угуучу мамлекеттик сынактардан өтпөй калды.
Бүтүрүүчүлөр менен өткөн жолугушууда Академиянын башчысы Адылбек Бийбосунов: «6 ай аралыгында биздин окутуучулар колдорунан келишинче сиздерге татыктуу билим берүүгө аракет кылышты. Буюрса, теориялык жана практикалык алган билимиӊер келечекте кызматтык ишмердүүлүгүӊөрдү жогорулатууга өз пайдасын берет деген тереӊ ишеничтемин»-деди.
Өз кезегинде бүтүрүүчүлөр ИИМдин Академиясынын жетекчилигине, профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылыктарын билдирип, эстеликке белек тапшырышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content2144



Добавить комментарий