Москвада 26 жаштагы кыргызстандык сууга чөгүп кетти
Бөлүшүү:
"Кыргызстандын жараны Москвада сууга чөгүп кетти",- деп кабарлайт Россиялык басма сөз кызматы.
31- май күнү 26 жаштагы эркек кишинин ич кийимчен сөөгү Москва дарыясынын Шелепих аймагынан табылган.
Досторунун айтымдарына караганда алар суунун жээгинде эс алып жатышкан, ал эми жигит сууга түшкөнү кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилүү болгондой чөккөн адам Кыргызстандын жараны экени аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content2142
Добавить комментарий ×