Ала-Букада катуу жааган жамгырдан улам айрым жерлерди суу каптады
Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында 1-июнь күнү түндө саат 02:00-03:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Ак-Башат сел сайынан жана Өрүктү-Сай суусунан сел суулары ашып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 1-июнь күнү КР ӨКМ райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМ Мониторинг департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзгөн.
Ак-Башат сел сайынан келген сел суулары Өрүктү-Сай айылынын жогору тарабынан өткөн Эшме суугат каналына курулган түтүкчөдөн ашып, 1 турак жайдын короолоруна кирип, там аркаларындагы эгилген бак дарактарын кулаткан.
Өрүктү-Сай суусунан келген сел суулары оң жээгинде жайгашкан 2 турак жайдын короолоруна кирип, 1 кожолуктун үлүш аянттарынын жээктерин жеп, эгилген бак дарактарын алып кеткен.
Жабыркагандар жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content2138
Добавить комментарий ×