Кыргызстанда гольф академиясы ачылды

2 июнь 2017 13:32 600 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 1-июнда Чүй областынын Кара-Жыгач айылында Гольф академиясынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ага  Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Кыргыз Республикасынын Гольф федерациясынын президенти Алексей Kонев катышты.

“Балдарды коргоо күнүнүн урматына  гольф академиясын ачуудабыз.  Кыргыз Республикасынын гольф федерациясынын президентинин аркасында академия жаңы түрдө кайрадан өз ишин баштады. Аламедин-адистештирилген спорттук балдар мектебинде мамлекеттик органдын негизинде балдарын үйрөтө турган машыктыруучулар каралган. Ал эми жергиликтүү жашоочулар жумуш табууга мүмкүнчүлүгү ачылды. Ошондой эле эл аралык аренада Кыргызстандын атынан катышкан спортчуларды колдоо көрсөтүлөт”,-деп билдирди Аманкулов.

Эскерте кетсек, академиянын ачылышы концерттик программа менен коштолду.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2135



Добавить комментарий