Бишкек мэриясы шар сатып иштеген кичинекей Эрмекке жардам берет
Бишкек мэриясы “Бета Сторес-2” жана “Космопарк” соода борборлорунун алдында шардан гүл жасап сатып иштеген Эрмекке жардам көрсөтүлмөкчү.
Шаар мэри Албек Ибраимовдун тапшырмасы боюнча Окутябрь районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери бул Эрмектин үй-бүлөсүнүн абалы менен таанышып кайтышты. Белгилүү болгондой кичинекей Эрмек Абдрахманов көзүнүн көрүүсү боюнча экинчи топтогу майып чоң энеси менен жана кичинекей карындашы болуп бирге турушат. Ал эми балдардын апасы Россия жергесинде иштеп жүргөнү маалым болду.
Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими боюнча үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт. Жаңы окуу жылынан тартып Эрмек №20 шаардык мектептин биринчи классына бара баштаса, ал эми карындашына жоголуп кеткен туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жасалып берилип, №135 бала бакчага бара баштайт. Мындан сырткары үй-бүлөгө социалдык камсыздандыруу да каралат
Эскерте кетсек кэчээ, 1-июнда Эрмектин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү ирээтинде флешмоб өткөрүлгөн. Активисттер Эрмектин шардан жасалган гүлдөрүн сатууга жардам көрсөтүшкөн. 20 мүнөт ичинде өткөн-кеткен адамдар 500 үйлөнмө шарларды сатып алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content2125
Добавить комментарий ×