Ысык-Көл районунда жаңы орто мектеп ачылды
Кечээ, 1-июнда, балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылында жаңы орто мектеп ачылды. Жагымдуу окуя менен жергиликтүү тургундарды Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков куттуктады.
Архитектура курулуш турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына ылайык курулуш иштери 2014-жылы башталган. Эки кабаттан турган мектеп 225 окуучуга ылайыкталган.
«2010-жылы билим берүүгө 11,9 миллиард сом бөлүнсө, 2016-жылы бул сумма 35,7 миллиард сомду түзгөн, бул абдан жакшы көрсөткүч», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Орто мектептин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин депутатары жана башкалар катышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content2121
Добавить комментарий ×