ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин заманбап имараты курулду

2 июнь 2017 09:36 705 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түштүк калаада Ош мамлекеттик университеттин кыргыз-кытай факультететинин заманбап имаратынын ачылышы болуп өттү.

Маалыматта белгилүү болгондой ачылыш аземинде Билим берүү министири Гулмира Кудайбердиева, Ош  шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин спикери Жапар Ормонов, КЭРдин Ош шаарындагы консулу Сун Лицюн, Пекиндеги Конфуций жана Синьцзянь мамлекеттик педагогикалык университетинин өкүлдөрү катышкан.

Факультетин имараты өзү менен бирге жатакананы да камтыйт. Курулуш иштерине 800 миң доллар грант бөлүнүп берилген. 5 кабаттуу имаратка 600 окуу орду жана 5 кабаттуу жатаканага- 160 жатуучу орун каралган. Окуу корпусунда 40 окуу аудиториясы, окуу залдары, конок тосуучу бөлмөлөр, көз карандысыз тест өткөрүү борбору, спорт жана концерт залдары, ашкана, студенттердин кафеси каралган.

Азыркы маалда факультетте 600 студент билим алат..

Ссылка: https://barometr.kg/content2114



Добавить комментарий