Канат Исаевге дагы бир кылмыш иши козголууда

1 июнь 2017 16:53 695 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаевге дагы бир кылмыш иши козголууда. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз  борбору билдирди.

Маалыматтарга караганда 25-майда тергөө башкармалыгы 2010-жылы козголгон кылмыш ишинин негизинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Канат Исаевге “коррупция” беренеси боюнча иш козгоду.

"Канат Исаев, Токмок шаарынын мэри болуп турган маалда мэриянын башка кызматкерлери менен алдын ала макулдашып алып №1 Борбордук китепкананын филиалынын бир бөлүгүн 500 чарчы метр жер тилкесин 572 миң 116 сомго мыйзамсыз түрдө жеке менчикке арзан баага берген”, -деп жарыяланган маалыматта.

Сот курулуш жана техникалык комиссиянын экспертизасынын корутундусу боюнча 2010-жылы аталган имараттын баасы 1 млн сом болгон. Катталган мыйзамсыз иштердин негизинде улам К. Исаев  жана бир катар мэриянын кызматкерлери мамлекетти ири суммадагы чыгымга учуратышкан.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 11-майында Канат Исаевге кылмыш иши козголуп, анын негизинде чет жакка чыкпоо ирээтинде баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/content2106



Добавить комментарий