Быйыл мугалимдердин пансионаты ишке киргизилет

1 июнь 2017 15:23 535 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Бул жылы мыгалимдердин Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Асыл” пансионатында  жеке эс алуу жайы пайда болот”,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы  Сооронбай Жээнбеков бүгүн 1-июнда Ысык-Көл областындагы “Асыл” ден соолукту чыңдоо комплексине болгон иш сапарында.

Өкмөт башчы белгилегендей бүгүнкү күндө эс алуу жайды оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүудө. Ошондой эле аталган жайдын айланасына беш кабаттуу, жаңы 400 орундуу ден соолукту чыңдоо борбору мугалимдер үчүн ачылат.

Өкмөт башчы баса белгилегендей бул иштер үчүн республикалык бюджеттен 300 миллион сом бөлүнгөн. Пансионат эс алуучуларды жыл сайын тосуп алып, эс алуучулар үчүн баардык шарттар каралат.

Ссылка: https://barometr.kg/content2103



Добавить комментарий